Чүй облусунда курулуш компанияларынын өкүлдөрү жана куруучулар менен курулуш объектилеринде жыйын өтүп, коопсуздук талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Жыйында жумушчуларды жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо, коопсуздук эрежелерин сактоо жана тиешелүү нускамаларды өз убагында өткөрүү зарылдыгы айтылды.
Ошондой эле курулуш иштерин бекитилген долбоордук жана уруксат берүүчү документтерге ылайык жүргүзүү талап кылынды. Долбоордон өз алдынча четтөөгө, имараттардын кабаттуулугун жана конструкцияларын уруксатсыз өзгөртүүгө жол берилбестиги эскертилди.
Мыйзам талаптары бузулган учурда тиешелүү чаралар көрүлөрү белгиленди.