Бүгүн, 23-сентябрда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Лятиф Гандилов жана Кыргызстанга азербайжан тилинен сабак берүү үчүн келген мугалим Вердева Улькер Рауф кызы менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, азербайжандык мугалимдин Кыргызстанга келиши эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун негизинде уюштурулду.
Вердева Улькер Рауф кызы Бишкектеги Н. Гянджеви атындагы №103 жана Г. Алиев атындагы №20 мектептерде азербайжан тилинен сабак берет. Өз кезегинде Кыргызстандан мугалим Азербайжанга барып, кыргыз тили жана адабиятынан сабак өтөт.
Догдуркүл Кендирбаева азербайжандык мугалимди жылуу кабыл алып, Кыргызстандагы ишине ийгилик каалады. Министр билим берүү жана маданий алмашуулар эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Элчи Лятиф Гандилов кыргыз жана азербайжан элдерин жакындаштырууда тил менен маданияттын маанилүү орунда турарын айтты.
Белгилей кетсек, Азербайжандын Агдам районундагы Хыдырлы айылында Кыргызстандын элинин атынан «Айкөл Манас» мектеби курулган. Анын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев катышкан.