Биз социалдык тармакта

Ормуз кысыгында кемеге чабуул коюлду

Ормуз кысыгы аркылуу өтүп жаткан жүк ташуучу кеме чабуулга кабылды. Бул тууралуу Reuters агенттиги Улуу Британиянын Деңиз соода ташуулары боюнча башкармалыгына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 23-сентябрда болгон. Анда кемеге снаряд тийип, анын бортунда өрт чыккан. Экипаждын бардык мүчөлөрү эвакуацияланып, эки адам жабыркаган.

Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ормуз кысыгы дүйнөлүк энергетикалык логистикадагы эң маанилүү түйүндөрдүн бири болуп эсептелет.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан