Казакстанда 15 килограмм баңгизаты менен Кыргызстандын жараны кармалды

Казакстандагы Жамбыл облусунун кыргыз-казак чек арасынан 1 чакырым аралыкта 15 килограмм баңги- заты менен Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Казак Республикасынын ИИМинин алдындагы Баңгизатын көзөмөлдөө комитетине шилтеме берип жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты. 
Маалыматка ылайык, кылмышкерди кармоо Кыргызстандын ИИМи менен биргеликте 1-февралда жүргүзүлгөн. Ооганстанда өндүрүлгөн маңзат “777” маркасындагы эң жогорку сапатта экени аныкталган. 
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, чек арадан кантип өткөнү такталууда. Казакстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, баңгизат ташуучу өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aikokul85
2014-02-03 17:14:03
Омуру темир тор артында калат эми.
0
aiba91kg
2014-02-03 17:21:56
Жарайсын!Азамат!Атын чыкпаса жер ортто!
0
CauseLove
2014-02-03 17:24:25
15килограмм?!
Шектүү го өтө эле..
0
kyrgyzstan13
2014-02-03 19:43:48
Ай Кыргыз уят.
0
nargizakursant89
2014-02-03 20:48:26
Кыргыз эмес Кыргызстан жараны экен.
0
wolf_95
2014-02-04 13:18:21
Кыргыз болобу же башкасы болобу Кыргызстандын жараны болуп жатпайбы. Мындай КGнин атын жаманатты кылгандарды атыш керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан