Бишкек шаарындагы жаңы автобекеттин курулуш иштеринин 93-95 пайызы аткарылып, аймакты жашылдандыруу иштери 96 пайызга жетти. Бул тууралуу 23-сентябрда президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы автобекеттин курулуш иштерин текшерип, бардык курулуш жана инженердик иштер жогорку сапатка жооп бериши керектигин билдирди.
Жаңы автобекет 26 гектар аянтта жайгашкан. Имараттын жалпы аянты 30 миң чарчы метрди түзөт. Үч кабаттуу комплекс 7 блоктон, 2 эскалатордон, 4 бир орундуу жана 4 кош лифттен турат.