Кыргызстандын грэпплинг жана ММА федерациясынын вице-президенти болуп дайындалган ырчы Бактыгүл Бадыева бүгүн, 24-сентябрда өзүнүн дарегине айтылган сын-пикирлерге жооп берди.
Ал социалдык тармактагы билдирүүсүндө федерациянын жетекчилигинде сөзсүз түрдө эркек спортчу же чемпион болушу керек деген пикирлерге таң калганын айтты.
Бадыеванын белгилөөсүндө, спортчунун негизги милдети - машыгып, мелдештерге катышып, жеңишке жетүү болсо, федерациянын жетекчилиги турнирлерди уюштуруу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, өнөктөштөрдү жана демөөрчүлөрдү тартуу, спортчуларды колдоо сыяктуу иштерди аткарат.
"Мен аялмын. Балким, кимдир-бирөө үчүн менин дайындалышым көнүмүш эмес көрүнгөндүр. Бирок кесипкөйлүк жыныс менен аныкталбайт. Аял да жетекчи, директор, депутат, ишкер жана спорт федерациясынын вице-президенти боло алат",- деди ал.