Ысык-Көл облусунун тоолуу аймактарынын биринде жергиликтүү токойчу эки ак илбирсти видеого тартып алган. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Кадрлардан ак илбирстердин табигый чөйрөдө адамдын кийлигишүүсүсүз, эркин жана тынч жүргөнүн көрүүгө болот.
Министрликтин маалыматына ылайык, ак илбирстердин табигый жашоо чөйрөсүндө катталышы аймактагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн көрсөтөт.
Белгилей кетсек, ак илбирс - Кыргызстандын жаратылышынын символдорунун бири жана сейрек кездешкен, өзгөчө коргоого алынган жаныбар.