Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев өлкө башчы президенттик шайлоого кызматын тапшырбастан катыша аларын айтты.
Спикер бүгүн, 24-сентябрдагы парламенттин жыйынында буга 1991-жылы жана 1999-жылы кабыл алынган мыйзамдар жол берерин белгиледи.
"Мына, биз деле депутат болуп турганда парламентик шайлоого катышканбыз. Бул деген туруктуулук үчүн керек. Дүйнөдө кандай гана кырдаал жаралбайт",- деди Маматалиев.