Кызыл-Кыя шаарында үйүнүн короосуна мыйзамсыз кара куурай өстүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Баткен облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү делген 49 жаштагы жаран 31 даана кара куурай өсүмдүгүн өстүрүп жаткан. Жалпы салмагы 11 килограмм 85 граммды түзөт.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду камтыган тирүү организмдерди мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.