"А Банкка" таандык унаа абаны булгаганы аныкталып, мекемеге 23 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн 24-сентябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, социалдык тармактарда абаны булгаган унаа боюнча видео тарап, анын негизинде текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында абаны булгаган унаа "А Банкка" таандык экени аныкталган.
Мекемеге унаадагы кемчиликтерди тез арада жоюу жана экологиялык талаптарды сактоо боюнча эскертүү берилген.