Бүгүн, 24-сентябрда Азия оюндарында Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча 200 метр аралыкка жарышта күмүш медаль жеңди.
Спортчу алгачкы жарышта 2:11.13 убакытта сүзүп келип, биринчи орунду камсыздаган. Ал эми финалдык жарышта 2:08.67 убакытта сүзүп өтүп экинчи орунга ээ болду.
Эскерте кетсек, буга чейин ММА мушкерлери Кыргызстандын капчыгына үч коло алып келишкен.
Азия оюндары Японияда 4-октябрга чейин өтөт.