Биз социалдык тармакта

Песков: "Орусия Украина менен убактылуу элдешүүгө эмес, тынчтыкка умтулат"

Орусия Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга даяр, бирок убактылуу элдешүүгө эмес, туруктуу тынчтыкка умтулат. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин орусиялык маалымат каражаттары жазышты.

"Биз тынчтык жолу менен жөнгө салуу процессине ачыкпыз, бирок убактылуу элдешүүгө эмес, тынчтыкка умтулуу керек деп эсептейбиз. Бул позициябыз өзгөргөн жок",- деди Песков.

Ал ошондой эле Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Москвага баруудан расмий баш тартканы тууралуу маалымат Кремлге түшө электигин айтты.

Буга чейин Песков Зеленский сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү кааласа Москвага бара аларын жана ага коопсуздук кепилдиктери берилерин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан