Биз социалдык тармакта

Бишкекте BMW X7 унаасын алдоо жолу менен ээлеп алган жаран кармалды

Бишкекте 55 миң долларлык BMW X7 унаасын алдоо жолу менен ээлеп алган деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 19-сентябрда Н.Т. аттуу жаран кайрылып, 1991-жылы туулган У.М. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган.

Анын айтымында, 2-апрелде У.М. унааны эки айдын ичинде сатып берүү убадасы менен ишенимине кирип, өзүнө өткөрүп алган. Кийин BMW X7 унаасын башка жаранга 57 миң долларга сатып жибергени аныкталган.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, алынган акчаны У.М. жеке керектөөсүнө жумшаган. Натыйжада унаанын ээси өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян тарткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалымат бар.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан