Бишкекте туура эмес жерге токтогон унаанын дөңгөлөгүн жарган аялдын аракети "жапайычылык" болуп саналат. Мындай пикирди бүгүн, 24-сентябрда Кайгуул кызматынын басма сөз бөлүмүнүн инспектору Надыр Жусупбеков маалымат жыйынында берди.
Ал мыйзамдуу өлкөдө мындай аракет болбошу керектигин айтып, өз кезегинде унаасын туура эмес жерге койгон жаранга дагы айып пул салынганын билдирди.
"Ал эже 102 кызматына чалышы керек болчу. Же Кайгуул кызматына маалымат бериши керек болчу. Анан биз чара көрмөкпүз. Бирөөнүн дөңгөлөгүн жарып кете берген болбойт",- деди ал.