Бангизаттарды жашыруу жолу менен саткандардын көбү андай ишке билип туруп барып жатышат. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын бөлүм башчысы Каныбек Усенов билдирди.
Анын айтымында, алар үч күндүк үйрөнүүдөн өтүшөт.
"Telegram аркылуу акысы кымбат болгон жарнамалар жарыяланып жатат. Анан ал жакка жазгандарга "закладчик" жумушун сунушташат. Ал жакта ачык эле айтышканына карабай көп балдар иштеп кетишет. Алар "үч күн үйрөткөндөн кийин, сени милиция кызматкерлери кармай албай калышат" деп убада кылышат. Анан балдар өзү тууралуу бардык маалыматтарды берип, ишке кирип жатышат",- деди Усенов бүгүн, 24-сентябрда ИИМде өткөн маалымат жыйынында.
Ал мындай иш кылмыш жоопкерчилигине тартылууга алып келерин кошумчалады.