Кечээ, 23-сентябрда саат 18:16 чамасында Бишкектин Жусуп Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде кырсык катталды.
Аталган окуянын видеосу интернет желесине тарады. Анда жол чырагы кызыл учурунда унаадан түшкөн жүргүнчү аял жол жээгинен өтүп бара жаткан велосипедчен бала менен сүзүшкөн. Андан соң кулап түшкөн балага эч ким жардам бербегени байкалат.
Милициянын кайгуул кызматы кабарлагандай, Kia K5 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.
Учурда кырсык боюнча териштирүү жүрүп, унаадан түшүп кеткен жүргүнчү менен велосипед айдоочусун аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.