Жол кырсыктары былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери Гүлназ Орозалиева билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгынан каза тапкандардын саны да 40 пайызга азайган. Ал айтылган көрсөткүч 8 айдын жыйынтыгы экенин белгиледи.
"Мунун бардыгы жол кырсыктарын болтурбоо үчүн алдын ала жасалган иштердин натыйжасы деп эсептейбиз",- деди Орозалиева бүгүн, 24-сентябрда ИИМде өткөн маалымат жыйынында.