Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын алгачкы спутниги октябрда космоско учурулат

Бүгүн, 24-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков "Кыргыз Асман" ААКда иштелип чыккан Кыргызстандын алгачкы спутниги менен таанышты. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба министрлиги маалымдады.

Спутникти иштеп чыгуу жана чогултуу Кыргызстанда биринчи жолу жүргүзүлүп, ага 2,5 жылдай убакыт кеткен. Аны октябрдын биринчи жумасында АКШнын Калифорния штатынан космоско учуруу пландалууда.

Спутник негизинен айыл чарбасында колдонулуп, эгин талаалары менен жайыттарды көзөмөлдөөгө, кургакчылыкты эрте аныктоого жана түшүмдүүлүктү алдын ала баалоого жардам берет.

Ошондой эле мөңгүлөргө, суу ресурстарына жана экологиялык өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөрү айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан