Ысык-Көл. Митингчилер Айбек Сарыбаевди жана башка кармалгандарды бошотуу үчүн бийликке 3 күн убакыт беришти

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоров эки тарапты тең канааттандыруучу конструктивдүү чечим кабыл алууга убада берди. Бул тууралуу аким 3-февралда журналисттерге маалымдады.

 

Митингчилер Айбек Сарыбаев менен “Кумтөрдүн” менеджеринен 3 миллион доллар талап кылган Эрмек Жунушбаев жана Бахтияр Курмановду бошотуу талабын айтышып, бийликке 3 күн убакыт беришти. Нааразылык акциясына чогулгандар Саруу айылына боз үй тигип жатышат. 

 

Эске салсак, "7-октябрда Караколдогу баш аламандыкты уюштурган" деп шектелип Айбек Сарыбаев баш болгон адамдар кармалган. Алардын бошотулуусун талап кылган жергиликтүү тургундар облустагы башкы унаа жолдорун бууп салышкан.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан