Биз социалдык тармакта

Орусиянын Росгвардиясынын башчысы Кыргызстандагы №7702 аскер бөлүгүнө барды

Орусиянын Улуттук гвардия аскерлеринин башкы командачысы, армиянын генералы Виктор Золотов баштаган делегация Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин №7702 аскер бөлүгүнө барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аларды ички иштер министри Улан Ниязбеков тосуп алып, аскер бөлүгүндөгү кызмат өтөөнү уюштуруу, кызматтык-согуштук ишмердүүлүктүн негизги багыттары жана аскер кызматчыларын даярдоо системасы тууралуу маалымат берди.

Сапардын жүрүшүндө орусиялык делегацияга Ички аскерлер колдонгон курал-жарактардын, атайын техникалардын жана жабдуулардын үлгүлөрү көрсөтүлдү. Ошондой эле делегация аскер кызматын өтөө шарттары жана өздүк курамды даярдоо жараяны менен таанышты.

Жолугушууда аскер кызматчыларын даярдоо, алардын кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүү, кызмат өтөөнү уюштуруу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Эки тарап ошондой эле өздүк курамды даярдоону уюштуруудагы ыкмаларды жана коомдук коопсуздук менен укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча тажрыйбаларды талкуулады.

ИИМдин маалыматына ылайык, сапар Кыргызстан менен Орусиянын күч түзүмдөрүнүн ортосундагы кесиптик кызматташтыкты чыңдоого жана кызмат өтөөнү уюштуруу жаатында тажрыйба алмашууга багытталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан