Биз социалдык тармакта

Бишкектин Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады

Бишкектин Ак-Ордо конушундагы Теңир-Тоо көчөсүндө 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мектеп президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде республикалык бюджеттин эсебинен курулду. Курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты курулуш министри Нурдан Орунтаевдин көзөмөлүндө болгон.

Үч кабаттуу мектептин жалпы аянты 3349 чарчы метрди түзөт. Анда окуучулар үчүн заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган.

Мектептин аймагында окуучулардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн волейбол жана баскетбол аянтчалары да курулду.

Учурда мектепти пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан