Биз социалдык тармакта

Бейше менен Гүлназ Чыныбек кызы ортосундагы мамилелерин ачыкташты

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы ырчы Бейшеге продюсер болгонун ачыктады. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялады.

Ырчы жаңы кызматташтык ийгиликтүү долбоорлорго, жакшы башталыштарга жана чыгармачылыктагы жаңы бийиктиктерге жол ачарына ишенимин билдирди.

“Ар дайымкыдай эле жакшы каалоо-тилектериңиздер менен бизди колдоп, чыгармачылыгыбызга дем берип туруңуздар. Ал эми биз сиздерди мындан ары да жаңы чыгармалар, кызыктуу долбоорлор жана жакшы жаңылыктар менен кубантууга аракет кылабыз”, - деп жазды ал.

Гүлназ Чыныбек кызы күйөрмандарынын колдоосу алар үчүн чоң дем-күч экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан