Биз социалдык тармакта

Си Цзиньпин Трамп менен иштешүүгө даяр экенин билдирди

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АКШнын президенти Дональд Трамп менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ал эки өлкөнүн мамилесин туруктуу жана узак мөөнөттүү жолго салуу үчүн Трамп менен биргеликте иштөөгө даяр экенин айткан.

“Мен президент Трамп менен биргеликте кытай-америка мамилелеринин чоң кемесин туруктуу жана узак мөөнөттүү жол менен башкарууга даярмын”, - деди Си Цзиньпин.

Маалыматка караганда, Кытай лидери бейшемби күнү АКШга мамлекеттик сапар менен барды.

Буга чейин Си Цзиньпин Кытай менен АКШ тирешүүдөн алыс болушу керектигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан