Биз социалдык тармакта

Бишкек мэри спорт комплексин куруу маселеси боюнча тургундар менен жолукту

Бүгүн, 24-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Анкара жана Аэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги спорт комплексин куруу маселеси боюнча жергиликтүү тургундар менен жолукту.

Жолугушууда тургундар пландалып жаткан спорт комплексинин курулушу, жакын жайгашкан объектилер жана аймактагы инфраструктуранын абалы боюнча суроолорун беришти.

Мэрдин айтымында, спорт комплексинин долбоорун иштеп чыгуу иштери быйыл жүргүзүлүп, курулушун келерки жылы аяктоо пландалууда. Долбоорду ишке ашырууга байланыштуу иштерди уюштуруу шаардык тиешелүү кызматтарга тапшырылды.

Ошондой эле Айбек Жунушалиев жакын жайгашкан объекттин курулушуна байланыштуу документтерди текшерип, жагдайды кылдат иликтөөнү тапшырды. Келерки жумада мэр тиешелүү кызматтардын жана куруучу компаниянын өкүлдөрү менен биргеликте тургундарга кайра жолугуп, долбоорду жана көтөрүлгөн маселелерди талкуулайт.

Мындан тышкары, аймактагы жолду оңдоп, асфальт төшөө жана ирригациялык системаны калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Шаар бийлиги спорт комплексин куруу менен катар аймактагы инфраструктуралык маселелерди комплекстүү чечүүнү көздөп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан