"Сумерки" тасмасындагы ролу менен таанымал актёр Тэйлор Лотнер биринчи жолу ата болду. Актёр жубайы Тэйлор менен жаңы төрөлгөн кызынын сүрөтүн социалдык тармакка жарыялап, анын ысымын да ачыктады.
Жубайлар кыздуу болгонун 24-сентябрда билдиришти. Ымыркайга Леннон Тейлор Лотнер деген ысым берилген.
Тэйлор Лотнер менен жубайынын үй-бүлөсүндө ысымдарга байланыштуу кызыктуу жагдай бар. Актёрдун жубайынын да аты Тэйлор. Ал никеге тургандан кийин күйөөсүнүн фамилиясын алган.
Жубайлар жай мезгилинде уюштурулган гендер-пати учурунда кыздуу болушарын билдиришкен.
Жаңы төрөлгөн кыздын сүрөтү жарыялангандан кийин актёрдун күйөрмандары жылдыздуу үй-бүлөнү куттукташууда.