Кечээ, 24-сентябрда Ош шаарынын мэри Жанар Акаев мушкер Акбар Абдуллаевди кабыл алды. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалымдалгандай, Акаев мушкерди АКШда өткөн беттешиндеги жеңиши менен куттуктап, мындан аркы спорттук карьерасына ийгилик каалаган. Мэр ошондой эле Акбар Абдуллаевге атайын белек ыйгарып, акчалай сыйлык тапшырган.