Биз социалдык тармакта

Иран АКШга Ормуз кысыгын ачуу боюнча 7 күндүк план сунуштады

Иран АКШга Ормуз кысыгында кеме каттамын жандандыруу жана сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо боюнча 7 күндүк план сунуштады. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, белгилүү шарттар аткарылса, кысык бир жуманын ичинде ачылып, андан кийин тараптар жаңжалды толук жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантышат.

Ал эми Ак үй сунуштун чоо-жайын маалымдагандан баш тартып, тараптар ортомчулар аркылуу "оң жана конструктивдүү" сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан