Венесуэлада жер титирөөлөрдөн кийин 26 адамды табууга жана куткарууга жардам берген Цунами аттуу бордер-колли итине эстелик тургузулду. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.
Цунами 2023-жылы Түркия жана Сириядагы жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюуга катышкан эл аралык кинологдор тобунун курамында болгон.
Иттин ээси Хорхе Бинстин айтымында, Цунами ар кандай шарттарда машыккандыктан, татаал кырдаалдарда өз алдынча жана тез аракеттенүүгө үйрөнгөн.