Баңгизаттарды чек арадан тиричилик буюдарына, жер-жемиштерге катып өтүүгө аракет кылышат. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Каныбек Усенов билдирди.
"Алма же дарбыздын ичине атайын жашыруун нерселерди жасап же тиричилик техникаларындагы боштондуктарга катышат. Биз мындай жол менен Кыргызстанга кирип, андан ары тарап кетпеши үчүн атайын опрецияларды жүргүзүп турабыз",- деди ал кечээ, 24-сентябрда ИИМде өткөн маалымат жыйынында.