Биз социалдык тармакта

АКШ жана Евробиримдик күндүн нурун азайтууну пландап жатат

АКШ жана Евробиримдик глобалдык жылуулукту басаңдатуу үчүн күндүн нурунун бир бөлүгүн чагылдырууга мүмкүндүк берген технологияларды изилдеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Изилденип жаткан ыкмалардын бири - атмосферанын жогорку катмарына күндүн нурларын чагылдыруучу аэрозолдорду чачуу. Ошондой эле деңиздеги булуттардын жарыкты чагылдыруу жөндөмүн өзгөртүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Адистер бул ыкмалардын таасири аз жана убактылуу болушу мүмкүн экенин белгилешкен. Ал эми Еврокомиссиянын илимий кеңешчилери технологияны изилдөөнү улантууну, бирок азырынча аны колдонбоону сунушташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан