Бүгүн, 25-сентябрда Украинанын өкмөтү куудул Алексей Реваны коргоо министринин орун басары кылып дайындады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, Алексей Рева министрликтин санариптик өнүгүүсүнө жана жаңы технологияларды киргизүүгө жооп берет. Ал буга чейин Коргоо министрлигинин IT тармагында иштеген.
Белгилей кетсек, Рева 2015-жылы "Рассмеши комика" тамаша-шоусунун жеңүүчүсү болгон. 2022-жылдан бери Полтава облусундагы аймактык комплектөө борборлорунун биринде кызмат өтөп келген.