Өлкөдө 2027-жылдын 27-январында президенттик шайлоону өткөрүү үчүн 1 миллиард 200 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу БШКнын бүгүн, 25-сентябрдагы жыйынында белгилүү болду.
Жыйында шайлоонун чыгымдарынын сметасы бекитилди.
БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров аталган чыгым шайлоонун 2-турун эске алуу менен эсептелгенин, өнөктүк бир тур менен аяктаса, бул сумма азаярын белгиледи.
Айта кетсек, өлкөдө президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.