Сузак районундагы Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында жергиликтүү тургундар тарабынан Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды калдыктары төгүлгөндүгү аныкталды.
Аталган факт боюнча эки жаранга карата административдик протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Жаратылыш министрлиги 25-сентябрда маалымдагандай, ал жерде айыл башчыларына жана жергиликтүү тургундарга экологиялык талаптарды так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.