Казакстанда Каспий деңизинде дайынсыз жоголгон эки аскер кызматкеринин сөөгү табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдиргенин 25-сентябрда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, сержант Мансур Гумаров менен матрос Мирас Турдыбек уулунун сөөгү табылды.
Эске салсак, кечээ, 24-сентябрда машыгуу учурунда аба ырайынын начарлашынан 17 аскер деңизге агып кеткен. Үчөө куткарылып, 14ү каза болду. Издөө иштери аяктады.