Кечээ, 24-сентябрда Нью-Йоркто Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясында сөз сүйлөгөнү чыкканда ондогон делегаттар залдан чыгып кетишти. Бул тууралуу чет өлкөлүк мааалымат каражаттары билдиришти.
Нетаньяху аларды "моралдык коркоктор" деп атап, сөзүн уланткан. Ал Израил, Иран жана башка куралдуу топтор менен күрөшүп жатканын айтып, Газадагы согушка байланыштуу Израилге коюлган айыптоолорду четке каккан.
Ошол эле учурда БУУнун имаратынын алдында жүздөгөн адамдар Нетаньяхунун сапарына жана Израилдин Газадагы согушуна каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Полиция демонстрация учурунда болжол менен 100 адамды кармаганы белгилүү болду.