Түркиянын Стамбул шаарында кыргыз ырчылары Бек Борбиев, Мирбек Атабеков, Малика Дина, Омар ырдашат. Бул тууралуу 25-сентябрда өлкөнүн Стамбул шаарындагы консулдугу билдирди.
Маалымдалгандай, театралдашкан шоу программа өлкөнүн көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналмакчы. Иш-чаранын Манас Алыкулов алып барат. Концерт 4-октябрь күнү саат 18:00дө Топкапы маданият паркында башталат.
Консулдук кирүү акысыз болорун жарыялап, мекендештерди концерттик программага чакырды.