Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарында курулган “Асман Резиденс-1” турак жай комплексинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Иш-чаранын алкагында жаңы батирлердин ачкычтары УКМК, Башкы прокуратура, Коргоо министрлигинин, ИИМ, Чек ара кызматы, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлдөрүнө тапшырылды.
Мамлекет башчысы ушул жылдын аягына чейин өлкө боюнча 20 миңден ашуун батирдин курулушун аяктоо пландалып жатканын айтты.
Айтымында, учурда өлкө боюнча 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж, алардын ичинен 100 миңге жакын үй-бүлөнү 2026-2027-жылдары турак жай менен камсыз кылуу мерчемделүүдө.
Жапаров 2030-жылга чейин Кыргызстандагы турак жайга муктаж болгон бардык үй-бүлөлөрдү жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууну коюп жатканын баса белгиледи.
Аталган турак жай комплекси 2,01 гектар аянттагы жер тилкесинде жайгашкан. Анын курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган. Комплекс 11 блоктон турат жана 1 050 батирди камтыйт.