Биз социалдык тармакта

Өлкөдө органикалык айыл чарбанын улуттук күнү белгиленди

Бүгүн, 25-сентябрда өлкөдө органикалык айыл чарбанын улуттук күнү белгиленди. Бул дата Кыргыз Республикасынын президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 Жарлыгы менен бекитилген.

Анын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде органикалык тармакты өнүктүрүүгө арналган конференция өттү.

Аталган министрликтен билдиришкендей, иш-чаранын негизги максаты — органикалык айыл чарбанын жетишкендиктерин талкуулоо, тармактын потенциалын көрсөтүү жана 2026–2027-жылдарга карата өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо болду.

Конференцияга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, фермерлердин, өндүрүүчүлөрдүн жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — министр Эрлист Акунбеков органикалык айыл чарба өлкөнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстанда органикалык өндүрүштү өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар.

2026-жылдын август айына карата өлкөдө 37 органикалык аймак, 11 кооператив жана PGS сертификатына ээ болгон 208 пилоттук органикалык чарба иш алып барууда. Органикалык өндүрүшкө тартылган жалпы аянт 101 миң гектардан ашты.

Учурда органикалык айыл чарба тармагындагы мыйзамдык базаны өркүндөтүү, сертификация системасын өнүктүрүү, өндүрүүчүлөрдү колдоо жана фермерлердин билим деңгээлин жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Конференциянын алкагында ата мекендик органикалык продукциялардын көргөзмөсү уюштурулуп, ресурстарды үнөмдөөчү заманбап технологиялар жана өсүмдүктөрдү биологиялык коргоо каражаттары көрсөтүлдү. Ошондой эле Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Монголиянын өкүлдөрү менен тажрыйба алмашуу болду.

Иш-чаранын жыйынтыгында органикалык секторду туруктуу өнүктүрүүгө багытталган резолюция кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан