Биз социалдык тармакта

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады

Ош облусунун Ноокат шаарында 140 окуучуга ылайыкталган көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объект Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан курулуп, республикалык бюджеттен каржыланды.

Долбоорго ылайык, мектеп-интернаттын курамына эки кабаттуу эки окуу корпусу, спорттук блок жана аларды байланыштырган өтмө галерея кирет. Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, эмгек жана компьютердик класстар, китепкана, практикалык сабак өтүүчү бөлмөлөр, жыйындар залы, сахна жана башка көмөкчү жайлар каралган.

Имараттын жалпы аянты 1904,25 чарчы метрди түзөт.

Мектеп-интернатта окуучулардын көркөм чыгармачылык багытта билим алуусуна жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүсүнө шарт түзүлдү.

Учурда объектти пайдаланууга берүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан