Биз социалдык тармакта

Алтайда Манаска эстелик орнотуу сунушталды

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Алтай аймагында эпикалык баатыр Манастын эстелигин орнотууну сунуштады. Бул демилге «Өр Алтай – түрк элдеринин ата мекени» аттуу III Эл аралык илимий-практикалык конференцияда айтылды.

Президенттик администрациядан билдиришкендей, Арслан Койчиев өз сөзүндө Алтай түрк элдеринин тарыхый эс-тутумун, тилин, маданиятын жана дүйнө таанымын изилдөөдө маанилүү тарыхый мейкиндик экенин белгиледи. Анын айтымында, кыргыз элинин тарыхын Улуу Алтайдын тарыхынан бөлүп кароого болбойт.

Мамлекеттик катчы «Манас» эпосунун кыргыз элинин руханий дүйнөсүндө жана тарыхый эс-тутумунда өзгөчө орунда турарын айтып, эпостогу Алтайга байланышкан мотивдерди жана Саян-Алтай элдеринин эпикалык салттары менен окшоштуктарды терең изилдөө зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле тарыхты археология, антропология, этнография, лингвистика, фольклористика жана палеогенетика сыяктуу илимдердин өз ара байланышы аркылуу комплекстүү изилдөөнүн маанилүүлүгү айтылды.

Конференцияда Кыргызстан Казакстан, Алтай, Сибирь, Кавказ, Кичи Азия жана Борбор Азиядагы илимий борборлор менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экени белгиленди. Биргелешкен археологиялык экспедицияларды өткөрүү, тарыхый булактарды санариптештирүү жана жаш окумуштуулар үчүн биргелешкен илимий программаларды ишке ашыруу сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан