Биз социалдык тармакта

Төө-Ашууда кар жаап жатат: айдоочуларга эскертүү

Чүй облусунун аймагындагы Төө-Ашууда кар жаап жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Милиция айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн жол эрежелерин так сактоого чакырды.

Ошондой эле унаалардын ортосундагы аралыкты сактоо жана унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу зарылдыгы эскертилди.

Учурда Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын өздүк курамы жол коопсуздугун камсыздоо максатында кызмат өтөп жатат.

Кар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан