Биз социалдык тармакта

Сингапурда автобуста кулакчынсыз музыка уккандарга айып пул салынат

Сингапурда автобуста кулакчынсыз музыка угууга тыюу салган жаңы эрежелер киргизилди. Эрежени бузгандарга 500 сингапур долларына чейин айып пул салынышы мүмкүн. Бул тууралуу Индипендент басылмасы жазды.

Жаңы талаптарга ылайык, коомдук транспортто таштанды ыргытууга, тамак-аш жана суусундук ичүүгө, ошондой эле бутту отургучка коюуга да тыюу салынат.

Мындан тышкары, башка жүргүнчүлөргө коркунуч жаратып же аялдамаларда тоскоолдук жараткан адамдарга 5 миң сингапур долларына чейин айып пул салынат.

Эрежени автобустун айдоочулары эмес, транспорттук операторлордун ыйгарым укуктуу кызматкерлери көзөмөлдөйт. Айдоочу эреже бузган жүргүнчүнү автобустан түшүрүп же полиция чакыра алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан