Биз социалдык тармакта

Бишкектеги базарда ок атылып, 32 жаштагы киши жаракат алды

Бишкекте 32 жаштагы кишиге ок аткан деген шек менен 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу борбор калаа милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 25-сентябрда "Чекиш-Ата" базарынын аймагында болгон. Шектүү соода түйүндүн ичинде болгон жана жабырлануучуну терезеден аткан. Жабырлануучу жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Кармалган жигит мылтыкты июнь айында сатып алганын айтып, куралды милицияга өткөрүп берген.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.



Бишкекте 32 жаштагы кишини атууга шектелген жигит кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2026-09-26 11:19:00
Кыргыз бир-бириң менен кырылыша берсеңер башка улуттун өкүлдөрү ушинтип ит аткандай атып кете берет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан