Токмок шаарында 73 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, сөөк кечээ, 25-сентябрда саат 18:10 чамасында Жантаев көчөсүндөгү батирлердин биринен табылган. Жансыз денеге кароо жүргүзгөндө жаракаттары бар экени такталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.