Кечээ, 25-сентябрда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “ОбидФайз” ЖЧКсынын балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу заводун көрүп чыкты.
Калаа бийлиги кабарлагандай, ишкананы салууга 393,7 миллион сом сарпталары айтылып, каражат ишкананын өздүк эсебинен каржыланган. Учурда заводдун курулуш иштери аяктап, ишкана декабрь айында пайдаланууга берилмекчи.
Завод суткасына 15 тоннага чейин сүт азыктарын өндүрө алат. Завод ишке кирген соң 60, сезон учурунда 150дөн ашуун жумуш орду түзүлөт.