Ош шаарынын мэри Жанар Акаев кечээ, 25-сентябрда балмуздак чыгара турган заводдун курулушу менен таанышты.
Ал заводду салып жаткандар менен баарлашып, коробкалардын кайдан келерине кызыкты. Ишкер Бишкектен сатылып алынарын айтты. Мэр "Оштон чыгарса болобу?" деген суроо узатты. Ишкер чыгарса болорун, ал үчүн 2 миллион доллар каражат кетерин билдирди. Жанар Акаев бул үчүн ага жер бөлүп берерин айтты.
"Оштогу ишкерлердин бардыгын коробка менен камсыздайсыз", - деген Акаев ишкер менен кол алышып убадалашты.