Биз социалдык тармакта

Си Трампты Кытайга чакырып, дароо жооп алды

АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуу учурунда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин аны жана анын жубайын ноябрь айында Кытайда өтө турган АТЭК (Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы) саммитине катышууга чакырганын чет элдик басылмалар жазышты.

"Чоң рахмат, биз ал жерде болобуз жана көп сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз", - деп жооп берген Трамп бейшемби күнкү жолугушууда.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путиндин да саммитке катышары кабарланган. Бирок анын басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Путин менен Трамптын ортосундагы жолугушуу боюнча акыркы макулдашууларга азырынча жетишиле элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан