Бүгүн, 26-сентябрда Бишкекте Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун ачылыш аземи өттү.
Ачылыш аземинде президент Садыр Жапаров окуу жайдын жаңы имаратын курууга президенттик фонддон 990 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди.
Анын айтымында, буга чейин университеттин имарат маселеси жана окуу корпусунун заманбап талаптарга жооп бербегени көйгөй жаратып келген.
"Мына ушундан улам былтыр искусство университетине жаңы заманбап окуу корпусун курууга президенттик фонддон 990 миллион сом бөлүү чечими кабыл алынып, курулуш иштери башталган. Эми 5 кабаттуу, жалпы аянты 8615 чарчы метрди түзгөн жаңы имарат студенттердин билим алуусу менен катар алардын чыгармачылык жана интеллектуалдык дараметин өнүктүрүүгө да кеңири шарт түзөт деп ишенем", - деди мамлекет башчысы.