Интернет желесинде ичимдик дүкөнүнө кирип, спирт ичимдиктерин ичип алып уктап калган маймылдын видеосу тарады.
NDTV телеканалынын маалыматы боюнча, бул адаттан тыш окуя жакында эле Индиянын чыгышындагы Жаркханд шаарында болгон. Бирок азырынча маймылдын абалы тууралуу маалыматтар чыга элек.