MCN Coin каржы пирамидасынын негиздөочулөрүнүн бири Исрадидин Субанбеков жанан Бегмат Мухтар уулу 5 жылдык пробация менен абактан бошотулду. Маалыматты, бүгүн, 27-сентябрда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматта шаардык сот мындай чечимди 18-сентябрда кабыл алганы айтылат. Субанбеков 14 жабырлануучунун акчаларын кайтарып берген жана 9 жабырлануучунун акчаларын 6 айдын ичинде кайтарып берүү милдеттенмесин алган.
Эске салсак, былтыр февраль айында УКМК кызматкерлери MCN Coin криптоактивине байланыштуу бир нече адамды кармашкан. MCN Coin виртуалдык активинин негиздөөчүлөрүнүн бири Исрадин Субанбеков уюштуруучулар 2,5 миллион доллардай каражат тапканын, бирок акчаны жарандарга кайтарып бере албай турганын билдирген.
Кийинчерээк ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери Данияр Закиров аталган криптоактивге акчасын алдатып жиберген 898 адамга 1 миллион 700 миң доллардан ашык акча каражаты кайтарылып берилгенин айткан.
Источник: super.kg маалымат-маанайшат порталы